Аталган рейддер райондук администрация, санитардык-эпидемиологиялык инспекция, мэрияга караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Бишкекбашкырхитектура, «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мууниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Атап өтсөк, рейддер Абдрахманов, Байтик Баатыр, Горький, Анкара, Ибраимов, Элебесов, Шабдан Баатыр, Ж.Пудовкин, Киев жана Чүй көчөлөрүндө жүргүзүлдү.


Бардык мыйзамсыз жайгаштырылган жарнамалар боюнча материалдар шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузгандыгына  айып салуу үчүн райондук администрациялардын административдик комиссияларынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти шаар тургундарын жана калаа ишкерлерин шаарды жакшыртуу эрежелерин сактап,  калаанын көркөм-эстетикалык көрүнүшүнө залал келтирүүчү жарнамаларды жайгаштырбоону суранат.