Мелдеш окуучулар арасында Спартакиаданын алкагында өткөрүлөт.


Аталган мелдешке Октябрь районунун жүздөн ашык окуучулары жана 12 курама команда катышат.


Алдыңкы орундарды алган командалар Октябрь райондук администрациясынын баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланат. Биринчи эки орунду алган командалар шаардык спартакиаданын финалында Октябрь районунун атынан катышууга мүмкүнчүлүк алат.


Белгиленгендей, жыл сайын өткөрүлгөн  Спартакиада өспүрүмдөр арасында  сергек жашоого үгүттө, ошондой эле, күчтүү оюнчуларды жана командаларды аныктоо максатында өткөрүлөт.