Аталган акциянын алкагында Улуу Ата-Мекендик согуш жана советтик солдаттардын эрдиктери  тууралуу документалдык материалдар менен окуучуларды тааныштыруу иш чаралары көрүлдү.

Акцияга Бишкек шаарынын мэриясынын  Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифорова, Свердлов районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев, БШКнин депутаттары Любовь Ардамина, Лев Васильев жана калаанын ардагерлери катышты.

Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова өз сөзүндө өсүп келе жаткан муун өлкөнүн тарыхын сактап калаарын жана улуу муун, өзгөчө ардагерлердин  эрдиги унутулабарын белгилеп өттү.

«Улуу Жеңиш Жылдыгы – бул бардыгыбыз үчүн унутулгус дата. Чынында эле, бизге тартууланган жашоо үчүн ыраазычылык көп нерсеге милдеттендирет. Өзгөчө балдар аны жакшы сезет, андыктан мындай иш -чараларга жан дили менен даярданышат. Айткым келгени, бүгүнкү күндө да балдарыбыздын ичинде патриотторубуз абдан көп, ошондуктан улуу муундун эрдиги унутулбай муундан -муунга өтө берет деп ишенем»- деди Сауле Мейрманова.

Мектеп окуучулары тарабынан согуш жылдарына арналган көркөм окуулар айтылып, ырлар ырдалып жана театралдаштырылган көрсөтүүлөр коюлган  концерттик программа тартууланды.
Окуучулардын жан дили менен аткарган ырларынан көбүнүн көзүнө жаш айланып жатты.


Белгилей кетсек, мектеп окуучулары Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары тууралуу маалыматтарды жана сүрөттөрдү чогултушуп, советтик солдаттардын эрдиктери жана согуш жөнүндө документалдык материалдарды изилдеп чыгышкан.