Райондун мектептеринде «Нооруз» темасында дилбаяндар жана сүрөт тартуу боюнча конкурстар уюштурулуп, өткөрүлөт.


«Көлмө» жана «Алтын-Бешик» конуштарына конуш тургундары арасында кичифутбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлөт. «Ак-Босого», «Калыс-Ордо» жана «Мурас-Ордо» конуштарында спорттук иш-чаралар жана майрамдык концерт тартууланат.


Панфилов атындагы сейил бакта  аттракциондор ачылып, райондун балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык концерт уюштурулат.