Акциянын максаты Улуу Ата-мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине  арнап көчөттөрдү отургузуу болуп саналат.  

Аталган акция 2015-жылдын 11-апрелинде, Ата-Тюрк атындагы сейил багынын түштүк тарабында өтөт.

Көчөттөрдү отургузууда жемиш бактардын көчөттөрү керек болот. Ошондуктан уюштуруучулар жеке бак жана дача ээлеринен алма, кара өрүк, алча, алмурут жана башка жемиш бактардын көчөттөрү болсо ала келүүсүн суранат.


«Бул иш-чара отчет берүү үчүн эмес, чын жүрөктөн аткарылса деп каалар элем. Бул акцияга мейли өспүрүм, мейли чоң киши болсун - каалоосу бар ар бир адам катышсын. Чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргиси келген ар бир инсанды келип, Мекени үчүн салгылашып курман болгондордун наамына, Түбөлүктүүлүк, Сүйүү жана Жашоо үчүн деп, өз колу менен көчөт тигип кетүүгө чакырабыз. Бул солдаттар салгылашууга биздин элесибизде  сакталсын деп эмес, элинин бактылуу жашоосу үчүн башкача айтканда Жашоо, Сүйүү жана Түбөлүктүүлүк үчүн жандарын беришкен. Кичинекей балдар ата-энелери менен бак отургузушса болот. Анткени бак отургузууга көбү үй-бүлөсү жана достору менен келет деген ойдобуз»,- деп «Жердин келечеги сенден көз каранды» мүчөсү Маргарита Цой билдирди.


Ардагерлер кеңеши ардагерлер да элден калбай көчөт отургузууга даярданып жатышканын билдиришти. Ардагерлердин жашын эске алып жанындагылары жерди казып, бакты тигүүгө жардам беришет.

Акцияны даярдоого жана катышууну каалагандар 0312 56-43-24,  0770-711-999 телефондору аркылуу кайрылышса болот.