Бишкек мэриясынын Жеке турак -жай куруу департаменти тарабынан социалдык адилеттүүлүк айлыгын өткөрүү боюнча план иштелип чыгып бекитилди. Бишкек шаарынын «кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна» жана «карылар үй-интернатына» бир жолку гуманитардык-материалдык жардам көрсөтүлдү.

«Нооруз» майрамын белгилөөгө карата «Бишкек шаарынын кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун» кызматкерлери тарабынан балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн майрамдоого даярдык көрүлгөн.


Аталган айлык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылы 19-февралда «Социалдык адилеттүүлүтүн Дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө» №110 Токтомун аткаруу иретинде өткөрүлдү.