Район башчысы айылда жашаган балдардын жашоо шарттары менен таанышты. Шаарча боюнча экскурсиядан кийин, мектептин актовый залында Нооруз майрамына арналган чыгармачылык көрсөтүү өткөрүлдү. Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нооруз майрамы менен куттуктап, окууларына ийгилк, бардык кызматкерлерге бакубат жашоо каалады  жана балдарды тарбиялоодо зор эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.


 Маалым кат:


«SOS Балдар айылы Бишкек» Бишкек шаарында курулуп, 1999-жылы ишке кирген. Азыркы учурда Кыргызстандын региондорунан келген ар кайсы улуттагы 4 жаштан жогорку 142 бала тарбияланат. Алардын ичинен балдар айылынын өзүндө 84 бала жашайт (42 бала жана 42 кыз). Бул балдар ата-энесинен кароосуз калган балдар. Алар 6 адамдан 14 үйбүлөлүк үйдө жашашат. Ар бир үйдө чогуу жашаган, аларды тарбиялаган SOS-апа бар. Педагогикалык, психологиялык, социалдык жана башка тийиштүү кесиптик кызматкерлер иштейт. Шаарчада мектеп, футбол талаасы жана чыгармачылык кружоктору бар.