Иш-чарага Жеке турак-жай куруу депратаментинин башкы инженери Райымкул Тюменбаев, Биринчи май жана Ленин райондору боюнча бөлүмдүн башчысы Сагындык уулу Азамат жана Октябрь жана Свердлов районунун Жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Исманкун уулу Талант катышты.


Пресс-конференциянын жүрүшүндө Департаменттин өкүлдөрү калаанын тургундарын жеке турак-жай курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбоого чакырып, ошондой эле, журналистердин суроолоруна жооп берди.


«Урматтуу шаар тургундары! Жеке турак-жай курууда мыйзамды сактоого чакырабыз. Азыркы учурда мэрияда мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча жобо чыгарылып, Бишкек шаардык кеӊешинин кароосуна жиберилген. Жобо бекитилген соӊ муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин  кеӊейтип алгандардын мыйзамсыз курулуштары түртүрүлөт»,-деди Жеке турак-жай куруу департаментинин башкы инженери Райымкул Тюменбаев.


Шаар тургундары байланыша турган ишеним телефондору: 0312 89366.


Ошондой эле,  Батыш аймагы (Биринчи май жана Ленин райондору боюнча) 44-22-80 номурлары;


Чыгыш аймагы (Свердлов жана Октябрь райондору боюнча) 44-22-63 номурларына кайрылса болот.