Бул маанилүү күнгө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы гезиттин жамаатын мааракеси менен куттуктап, 90 000 сомдук сертификат тапшырды.


«Слово Кыргызстана» гезитинин жамаатын жана ардагерлерин 90-жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Гезиттин тарыхы – биздин өлкөбүздүн тарыхы. Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик, кызыктуу макалаларды жана чыгармачылык эргүүлөрдү каалайм»,-деп берилет Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун куттуктоо сөзүндө.


Гезиттин жамаатын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктап, мэриянын атынан 90 00 сомдук сертификат тапшырды.