Форумдун ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков катышты.


Аталган форум үстүбүздөгү жылдын 25-марттан 27-мартына чейин өткөрүлүп, актуалдуу болгон - курулуш, энергетика, өнөр жай коопсуздугу, атайы жол техникасы жана кыймылсыз мүлк темасындагы беш эл аралык атайын көргөзмөнү бир аянтта бириктирет.


Форумга дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 85 компания катышат: Россия, Беларусия, Турция, Италия, Германия, Казахстан, Түштүк Корея, Иран, БАЭ, Кытай, Украина, Таджикистан, Азербайджан. Ошондой эле, көргөзмөнүн макамын күчөтүп Кыргызстандагы ири өндүрүүчү заводдордун 180 расмий өкүлдөрү стенддери менен катышат.

«Эл аралык инвестициялык-өнөр жай форум» форумунун  иш программасы семинарларды, мастер-класстарды өткөрүүнү, жаңы технология жана жабдууларды камтыйт.

Андан тышкары,  аталган форумдун алкагында онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам катары кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт.  

Форумду өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай чарбачылык мамлекеттик агенствосу жана Бишкек шаарынын мэриясы расмий колдоо көрсөтөт.