Программанын салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз-Орус Славян Университетинин чоң залында өткөрүлдү.


 «Урматтуу Бишкектиктер жана шаар тургундары! Бүгүн, биз кубаныч менен Санкт-Петербург делегациясын тосуп жатабыз. Санкт-Петербург Россия Федерациясынын маданий борбору болуп эсептелет»,-деп белгиледи мэриянын аппарат жетекчиси.


«Бишкекте Петербург жолугушуусу» программасынын расмий ачылышынан кийин Бишкек жана Санкт-Петербургдун фольклордук ансамблинин концерти тартууланды. Кыргыз-Орус Славян Университетинин экинчи кабатында петербургдук фотографтардын сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөдө Россиянын маданий шаарларынын сүрөттөрү коюлду. Бардык сүрөттөр калаага белекке тапшырылды. Театр искусствосунун күйөрмандарына Санкт-Петербург драм театрынын артистери тарабынан Ф.М. Достоевскийдин «Кроткая» спектали көрсөтүлдү.


Ошондой эле, балдар үчүн театралдык чыгармачылык боюнча ар түрдүү мастер-класстар өткөрүлдү. Аталган мастер-класстар №13 орто мектепте болуп өттү. Мугалимдер, окуучулар, студенттер жана бардык каалоочулар үчун ар түрдүү: орус тили, математика, информация, маданият алмашуу, журналисттик чеберчилик, Россиянын тарыхы жана Санкт-Петербургда билим алуу тууралуу  семинарлар, лекциялар, мастер-класстар өткөрүлдү.


«Бишкекте Петербург жолугушуусу» программасынын  салтанатту жабылыш аземи №13 жалпы билим берүү мектебинин чоң залында өткөрүлүп, иш-чаранын жыйынтыгында семинарларга жана мастер-класстарга катышкан катышуучуларга күбөлүктөр жана сертификаттар тапшырылды.