Биринчи этапта Муниципалдык менчик башкармалыгы менен ижара келишими түзүлбөгөн ири жана кичи жарнамалар алынат.

Андан кийин  ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн жана дебитордук карызы бар жарнамалар алынып салынат.

Жарнама конструкцияларын алып салуунун максаты, Бишкек шаарында жарнамалык саясатты оптимизациялоо жана иретке келтирүү, келген уруксат кагаздарын мыйзамга туура келтирүү.


Буга  байланыштуу мэрия жарнама түзүмдөрүнүн ээлерине Муниципалдык менчик башкармалыгана ижара келишимдерин узартуу жана дебитордук карыздарын төлөөнү суранат.