Аталган жолугушуу жаш балдар иштери боюнча комиссиянын толук курамы, балдарга карата  зордук-зомбулук жана   ырайымсыз мамилеге чара көрүү штабы, КМДБ, шаар тургундары, кварталдык комитеттердин төрагалары, аксакалдар соту, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  инспекторлору, бейөкмөттүк уюмдар, дарыгерлер, социалдык окутуучулар жана Свердлов районунун №21-жериликтүү аймактык башкарууга караштуу мектептердин психологдорунун катышуусунда өткөрүлдү.


Иш -чаранын максаты балдарга карата зордук-зомбулукту жана ырайымсыз мамиле кылууну  алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.


Жолугушуунун жүрүшүндө Свердлов райондук администрациясынын  өкүлдөрү, КМДБ, «Балдарды коргоо борборунун» психологу, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери аталган тема боюнча маалыматтарды берип өтүштү.