- физикалык машыгуулар;
- кандагы канттын өлчөмүн аныктоо;
- кан басымын өлчөө;
- дене салмагын өлчөө, дарыгердин келүүсүнө чейин жардам көрсөтүүнүн ыкмалары менен тааныштыруу иш-чаралары өткөрүлөт.


Аталган иш-чаралардын максаты жарандык коомдун, калктын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин иш-чара пландарына ылайык, дарылоо-профилактикалык уюмдарында, билим берүү мекемелеринде  «Тамактандыруу тазалыгы», «Азык-түлүктүн коопсуздугу» темасында ден соолук бурчтарын түзүү, ушул эле темаларда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тегерек столдор өткөрүү белгиленген.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору азык-түлүк чыгаруучу жана тамактануучу  жайларында санитардык-маалымат  иштерин жүргүзүүдө.

Шаардык ден соолукту чыӊдоо  борбору сергек жашоо боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдарды таратууда.

Бишкек шаарынын Саламатттыкты сактоо департаменти шаар тургундарын  Ден соолук күнүнө арналган иш- чарага катышууга чакырат.


Маалымат: Бүткүл дүйнөлүк  ден соолук күнү 1948-жылы  Дүйнөлүк ден соолукту сактоонун түзүлгөн жылдыгына байланыштуу жыл сайын 7-апрель күнү өткөрүлөт.