Кезектеги рейддин жүрүшүндө Ж.Пудовкин көчөсү, №75 дарегинде жайгашкан Улуттук онкология борборунда оңдоо иштеринен кийин имарат ансанитардык абалга жеткен, ошондой эле, курулуш материалдары жана курулуш таштандылары башаламан ташталгандыгы аныкталган.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгында “Отделочник” ЖИ иш башкаруучусу А.П.Дайненконун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.