Медициналык текшерүүдөн «Каинды», «Эне-Сай», «Келечек», «Бакай-Ата», «Ак-Тилек», «Дордой», «Ак-Жар», «Ак-Бата» конуштарынын тургундары жана “Дордой” жана  “Аламедин” базарларынын кызматкерлери өтө алышат.


Аны менен бирге райондук администрация аталган конуш тургундарына жана соода-базарларынын кызматкерлерине биометрикалык каттоодон өтүү шартын түзүп берди.


Акысыз медициналык текшерүүнү өткөрүү үчүн медициналык топтор уюштурулуп, төмөнкү адистер чакырылган: терапевт, педиатр, кардиолог, акушер-гинеколог, невропатолог, хирург, лор, УЗИ дарыгери жана лаборант.


Аталган акция социалдык маанидеги жана өтө коркунучтуу оорууларды алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.


Белгилей кетсек, иш-чара калктын саламаттыгын коргоо боюнча иш планына ылайык өткөрүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан бекитилди.