Жолугушуу аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусун талкулоо менен башталды.


Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иштеринен тышкары, жолдорду оңдоо, газ, коомдук транспорт, жол белгилери, мектепке жакын жол чырактары, канализация, медициналык пунктардын шартын жакшыртуу, бала бакчалар жана жаңы мектептер талкууланды.


Курч көйгөйлөрдөн болуп жаңы конуштагы басып алган жерлерди мыйзамдаштыруу айтылды.


Кайрылуулардын көпчүлүгү таштанды чыгаруу боюнча айтылды. Конуш тургундарынын айтуусу боюнча таштанды өткөн жылдан бери чыгарылган эмес. Ал эми муниципалдык ишкана “Ала-Тоо” конушунун өткөн жылдан бери 2 млн.сом карызы бар экенидигин билдиришти.


“Сиздер карызыңыздарда кандай кутулсаңыздар “Тазалык” МИ кайрадан кызматыңыздарды кылат”,-деди калаа башчысы.


Жолугушуунун жыйынтыгында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов алдыдагы пландары менен бөлүштү.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, мэриянын кызматкерлери жана конуш тургундары катышты.