Жолугушууда  райондун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана райондук администрациянын адистери катышты.


Район башчысы мэриянын инфраструктурасын өнүктүрүү жана районду көрктөндүрүү   пландары менен бөлүштү, андан соң суроолорго өттү. Жашоочулар тарабынан райондук түзүмдөрдүн  иштери боюнча бир нече даттануулар айтылды. Кээ бир арыздар ири курулуш компанияларына болду, курулуш учурунда асфальталган жолдор бузулуп,  бүткөндөн кийин кайра калыбына келтирилбей калган учурлар  кездешет. Айрым үйлөрдүн короолоруна тургундар тарабынан  Бир нече үйлөрдүн короосунда уруксатсыз тосмолор орнотулгандыктан  тез жардам жана өрт өчүрүү унааларынын киришине тосколдук болуп жаткандыгы маалым болду.


Ошондой эле, таштандылар башаламан ташталгандыгы айтылды.


Жолугушуудан кийин, райондук администрациянын башчысы арыздануу объектилерин өз көзу  менен көрүүнү чечип, жашоочулар менен аталган аймактарды кыдырып көрдү. Кыдыруу ичинде көбүнчө даттанууар аныкталды.


Болот Алымкулов көптөгөн  маселелер райондун түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте иш алып барууну талап кылаарын белгиледи.  Бардыкт маселелер өзүнүн жеке кароосунда болоорун айтып, жакын арада кайрадан аталган аймакка келип кетээрин белгиледи.


Кийинки жолугушуу  №3- мектепте өткөрүлөт.