Иса пайгамбардын кыяматта тирилүү майрамы жакшылык жана ырайымдуулуктун жөрөлгөсү катары жогорку адеп-ахлак жана диний баалуулуктардын символу болуп саналат.


Улуу пасха элдин жакшы жашоого болгон үмүтүн бекемдеп, ички дүйнөсүн байытып, жашоо маанисин түшүнүүгө түрткү болот.


Жаздын жаркыраган күнү жүрөгүӊүздөр эӊ кымбат адамдарыӊыздар менен бирге болуп, жүрөк толкуткан таза, тунук сезимдерге толуп, ар бир үйдө ынтымак жана ырыскы болсун. Бул майрам ар бирибизге ден соолук, бакыт-таалай, жакшылык жана кубаныч алып келсин!


Тереӊ урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.