Конкурс 62-гимназия мектебинин чоӊ залында эки номинацияда: орто билим берүү жана музыкалык мектептер, ЖОЖнын студенттик жамааттары үчүн деп өтүүдө.


Фестивалга катышууга 20дай чыгармачыл жамааттар катталды. Ар бир номинациянын жеӊүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушат.


Конкурска катышуучуларды калыстар тобу: калыстар тобунун төрагасы Октябрь районунун администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, калыстар тобунун төрагасынын орун басары К. Молдобасанов атындагы улуттук косерваториянын ректору Мурат Бегалиев, ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрү- Ош обласынын Филармониясынын директору Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Малик Ракишев, Октябрь районунун ардагерлер кеӊешинин төрагасы Мэлис Бейшеев баалашат.


Тыныгуу учурунда Октябрь райондук  администрациясынын башчысы Болот Алымкулов залда олтурган ардагерлерди Жеӊиштин 70 жылдыгы менен куттуктап, белектерди тапшырды.


Аскердик-патриоттук ырлардын конкурс-фестивалынын лауреат жана дипломанттарынын гала-концерти  үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Кыргыз улуттук консерваториянын концерттик залында өтөт.