Жолугушууда муфтий жана калаа башчысы диний экстремизмдин кооптулугу жана исламдын жашоодогу ордун талкуулады.


“Шариатты билбей, исламдык укуктарды билбей туруп жоопкерчиликти алгандар сабатсыз жана кылган иштеринде каталарды кетирет. Мындай адамдар жараткандын алдында жооп беришет”,-деди Равиль Гайнутдин.


Шейхтин оюу боюнча азыркы жаштар татыктуу билим алуусу абзел. Жаштарды агартууда мамлекеттин орду маанилүү экендигин белгиледи.


Россия Федерациясынын Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы  «Книга проповедей» жана  «Ислам, как он есть (Ведение в шариат)» китептеринин автору. Акыркы китеби кыргыз тилине да которулган.


Шейхтин айтуусу боюнча китептер кимдир бирөөнү ташбаранга алып же колун кесип, коркутуучу эмес, чыныгы шариат жазылган.


Жолугушуунун жыйынтыгында  Равиль Гайнутдин шейх Кубанычбек Кулматовго өзүнүн китебин белек кылып, Москвадагы башкы мечиттин ачылыш аземине чакырды.


Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Россия федерациясынын Мусулмандар дин башкармалыгынын жана Россия муфтилер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин жана вице-мэр Айгүл Рыскулова катышты.