Журналисттердин суроолоруна Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жооп берди.


Канчоро Ажекбаров журналисттерге 2015-жылы жолдорду оңдоп- түзөө боюнча пландары жөнүндө айтып берди.


“Бул жылы калаанын 87  көчөсүндө   оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү бюджеттен 21 миллион сом каралган. Ошондой эле оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Аламүдүн суусу Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишкен туштагы көпүрө жана Ауэзов көчөсүндө жайгашкан (Чоң Чүй каналы менен кесилишкен тушта) көпүрө оңдолот”,-деди Канчоро Ажекбаров.


Анын айтуусу боюнча, калаадагы жолдорду оңдо-түзөө кийинки жумада башталат.