Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Түштүк-Батыш көрүстөнүнө каттаган №8 автобусттук каттамдардын чыгышы  10 бирдикке чейин көбөйтөт. Каттоо аралыгы  10-12 мүнөттү түзөт.


Ошондой эле, саат 7.00 дон 19.00 го чейин Асанбай кичи районуна 4 бирдик автобус каттайт. Жүрүү аралыгы 20-25 мүнөттү түзөт. Жүрүү кыймылы төмөнкү көчөлөр боюнча каттайт: Токомбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев, Сүйөркулов, Байтик Баатыр, Түндүк, Түштүк-Батыш көрүстөнү.

Транспортторду көбөйтүү Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын 20.04.2015 ж. №48-п “Автобустарды берүү жөнүндө” буйругун аткарууда көбөйтүлдү.