Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 70 жылдык мааракеси менен университеттин жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун эмгек жамааттарын куттуктап, бир нече жылдан бери тыгыз байланыш түзүп, кызматташып эмгектенип келе жаткан Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору  Дүйшембиева Айгүл Осмоновнага, алдыңкы окутуучулар Садыкова Күлүмкан Садыковнага жана Мамбетова Роза Рыскановнага ыраазычылык билдирди.