Атайын жолугушууга чакырылгандар үчүн райондук администрациянын башчысы  Айнагул Чылабаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, медал жана ардак грамоталарын тапшырды.


Кырсыкты токтотууга катышкандардын баарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Үй -бүлө башчысын жоготкондорго  3 миң сом, 1,2,3 топтогу майыптарга жана катышуучуларга 2 миң сомдон тапшырылды.  

Билдирүү: Бүгүнкү күндө Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 89 адам каттоодо турат. Алардын 23 үй - бүлө башчысын жоготкондор, 50 адам  ден соолугу  чектелгендер,16 адам Чернобыль атомдук электростанциядагы кырсыкты жоюга катышкандар.