Көргөзмө 22-апрель күнү саат 11:00до Ч.Айтматов атындагы Улуттук Орус драм театрынын имаратында башталмакчы.


Көргөзмөнүн башында аскер жана жеңиш тематикасы боюнча “Российская Газета” гезитинин мыкты фотожурналисттеринин 60 сүрөтү көрсөтүлөт. Көргөзмөгө кирүү акысыз. Ошондуктан ар бир кыргызстандык Улуу-Ата Мекендик согушта курман болгон ар бир баатырды эскерүү, согуш ардагерлерин куттуктоо менен бул көргөзмөгө келип катыша алат.


Аталган сүрөткөргөзмө 11-майга чейин уланып, көргөзмөнүн аягында “Российская Газета”  салтка айланып калгандай борбордогу жалпы билим берүү мектептеринин бирине өз сүрөттөрүн белекке бермекчи.


Эскерте кетсек , иш -чара Россиянын өкмөттүк басмасы тарабынан төрт жыл сайын өткөрүлүп келген. Сүрөткөргөзмө буга чейин  Бишкекте жана Ошто эки ирет өткөрүлгөн. 2015- маараке жылында 27-апрелден 11-майга чейин тоолуу Нарын аймагында да көргөзүлөт.