24-апрелде Медеров көчөсү боюнча Тыныстанов көчөсүнөн Абай көчөсүнө чейин жол кыймылы токтотулат. 25-апрелде төмөнкү көчөлөрдө жол кыймылы чектетилет: Абдымомунов/Орозбеков, Абдымомунов/Раззаков, раззаков/Чүй, Фрунзе/Эркиндик, Абдымомунов/Тыныстанов.


Фестиваль 24-апрелде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетинде жана 25-апрель күнү эски аянтта, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда, Ч.Айтматов атындагы Орус драм театрда жана Курманжан Датка эстелигинин аянтында өткөрүлөт.


Аталган иш-чараны “Роза өтунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университети уюштурууда.


Уюштуруучулар шаар тургундарынан жана коноктордон ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.