Ишембилик “Азаттык” радиосунун журналисттери тарабынан шаарды көрктөндүрүү боюнча Бишкек  мэриясын колдоо максатында өткөрүлдү.


Ишембиликтин катышуучулар “Жашылдандыруу” МИ тарабынан берилген 100 көчөттү отургузду. Ошондой эле, жол жээгиндеги бактарды актап, аллеянын ичин таштандылардан арылтышты.
Көчөттөрдү отургузуу менен биргеликте Кыргызстан фермерлер Ассоциациясы тарабына берилген “Надежда” жер семирткичтери кошулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө ишембиликтин уюштуруучусу Али Токтакунов Бишкек шаарынын мэрине ыраазычылык билдирип, калааны көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү керектигин белгиледи.

 

Кезегинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бардык сунуштарды угуп, коомчулукту мындай иш-чараларга тартуу маанилүүлүгүн айтып өттү.