Эффективдүү иштөө үчүн 6 бирдик атайы техника тартылып, калаанын бардык райондорунда ишембилик өткөрүлдү.


Ишембиликтин катышуучулары калаанын сейил бактарын, ошондой эле, имараттардын айланаларын тазалашты. 3750 көчөт отургузулуп, 45 бак акталды.


Свердлов районунун аймагынан 78500 м2 жер жана 5050 п.м. арык тазаланды.


«Скай-Мобайл» ЖЧКсы (“Билайн” уюлдук оператору) 150 кызматкери Шабдан  Баатыр көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин берилген аймакты тазалап, жигердүү катышты.


Бишкек шаарынын мэриясы калаанын жигердүү жашоочулары менен биргеликте иш алып барып, шаарды көрктөндүрөт деген үмүттө.