Иш-чарага премьер-министр Темир Сариев, биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев, Бишкек башкы архитектуранын башчысы Бактыбек Абдиев, премьер-министрдин аппарат кызматкерлери жана шаардык кызматтардын башчылары катышты.


Вице-мэр Бактыбек Дүйшембиевдин айтымында жолдорду оңдоо жана куруу үч этапта өткөрүлөт. Мындан тышкары,  жолдорду тейлөө боюнча жаңы Башкармалыкты куруу пландалууда.


“Негизинен, жолдорду оңдоп, кургандан кийин керектүү көңүл бурулбай жатат. Биз күнү-түнү  жолдорду тейлөө керектиги жөнүндө чечимге келдик. Буга байланыштуу  жолдорду тейлөө боюнча Башкармалык  түзүүнү  пландап жатабыз”,-деди вице-мэр.

Премьер-министр Темир Сариев бул демилгени толугу менен колдоорун билдирди.


“Биз концепцияны угуп чыктык. Сиздерде абдан жакшы план бар экен. Биз мамлекет тарабынан сиздерди колдойбуз. Анткени, бул биздин жалпыбыздын шаарыбыз. Чындыгында жолдорду кароодон уялабыз. Албетте, сиздерде каржылоо жетишсиз. Бул маселени карап чыгышыбыз керек.  Мен өзүм бул маселени карап чыгам”,-деди премьер-министр.

Көчмө жыйын Махатма Ганди көчөсүнөн башталып, Ибраимов, Жукеев- Пудовкин жана Ауэзов көчөлөрүндө уланды.

Ибраимов көчөсүндө азыркы учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Мэриянын планында жолду эки тарапка бөлүп, Эркиндик бульвары сыяктуу орундуктар жана жарыктандыруу менен  жашыл тилкеге айландыруу.

Жогоруда аталган Махатма Ганди, Жукеев-Пудовкаин жана Ауэзеов көчөлөрүн куруу иштери 2015-жылдын 10-майда башталат.


Талаш жараткан көйгөй бул Салиева көчөсү болду. Көчөнүн оңдолбогондугунун себеби жарымы  областтын, жарымы шаардын  балансында болгондугу.


Көчмө жыйындын жүрүшүндө Салиева көчөсүн мэриянын балансына өткөрүү чечилди.


Мындын тышкары, премьер-министр май майрамдарынан кийин жолдорду оңдоо жана куруу каражатын талкулоо үчүн чогулууну  сунуштады.