Жүрүш Абдрахманов көчөсү боюнча Жантөшөв көчөсүнөн Д.Асанов атындагы сейил багына  чейин өткөрүлүп, андан соң Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинг-реквием өткөрүлдү.


Ар бир жүрүштүн катышуучусу өзүнүн согушка катышкан туугандарынын сүрөтүн көтөрүп, “Өлбөс полк” катарында Улуу Ата –Мекендик согуштун катышуучуларына ыраазычылык деген сөзү менен жүрүштү улантышты.


Өз сөзүндө Кубанычбек Кулматов бардык  ардагерлерге ыраазычылык билдирип,  ардагерлерге узак өмүр каалады.


“Урматтуу шаардыктар! Ардактуу ардагерлер! Бүгүн биз бул акцияны экинчи жолу өткөрүп жатабыз. Ар бирибизде келечекке мумкүнчүлүк алып берген адамдарга болгон  ыраазычылык, сүйүү сезими бар деп ойлойм. Бүгүнкү акциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем”,-деди Кубанычбек Кулматов.


Кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов акцияны колдоп, жигердүү катышкандыгы үчүн мэрияга ыраазычылык билдирип, ардагерлерге бекем ден соолук каалады.
Митинг бий жамааттарынын жана музыкалык ансамблисинин катышуусунда концерт менен коштолду.


Иш-чарага шаар тургундары, шаардык кеңештин жана Жогорку кеңештин депутаттары, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, вице-мэр Айгүл Рыскулова, шаардык кызматтардын кызматкерлери, окуучулар жана студенттер катышты.