Калаа мектептеринин окуучулары, белгилүү балдар чыгармачылык топтордун тарбиялануучулары, аскер лицейлеринин курсанттары, жаш спортчулар баардык чакырылган коноктор жана шаар тургундары үчүн театралдаштырылган көркөм көрсөтүүсүн тартуулашты. Жеӊиштин жаш мураскерлеринин чыгуусу  фронттон кайтпай калган кыргызстандык жоокерлер жөнүндө көркөм жана хронико-документалдык кадрлар менен коштолду.


Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев салтанаттуу сөзүндө көрсөтүүнүн бардык катышуучуларына ыраазычылыгын айтып, ардагерлерге узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.


«Кымбаттуу балдар! Бүгүнкү силер көрсөткөн оюн-зоок бизге абдан чоӊ кубаныч алып келди. Мындан 70 жыл мурун чоӊ ата, чоӊ апаларыӊар башка боордош мамлекеттердин жоокерлери менен бирге Улуу Ата-Мекендик Согуштун майданында эр жүрөк салгылашып, орукта  талыкпай эмгектенишкен. Мен бүгүн силердин жайдары сулуу жүзүӊөрдөн ошол аталардын кайратын, күч-кубатын, келечекке болгон үмүтүн көрүп жатам. Урматтуу ардагерлер! Биз Сиздердин эрдигиӊиздер менен сыймыктанабыз! Сиздерге узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм!»,- деди Алмазбек Атамбаев.


Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Жогорку соттун төрагасы Феруза Жамашева, Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык миссиялардын башчылары катышты.