Биринчи май райондук администрациянын башчысы Аскербек Алиев митинг–реквиемди ачып, келе жаткан Жеңиш майрамы менен катышуучуларды  куттуктап жана Туугандык көрүстөндө тууган элдердин эң мыкты балдары коюлганын белгилеп өттү.


“Урматтуу митингдин катышуучулары! Кымбаттуу ардагерлер! Силерди келе жаткан Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктайм. Бүгүн бизге эркиндикти жеңип бергендерди эстеп, аларга урмат-сый көрсөтүү үчүн чоголдук. Туугандык көрүстөндө кыргыз, орус, белорус, казак жана башка тууган элдердин мыкты уулдары коюлган”,- деди Аскербек Алиев.


Шаардык Ардагер кеңешинин төрагасы Эсенаман Тойгонбаев ардагерлерге  көңүл бургандары үчүн  шаар  мэриясына жана  шаардык кеңешке  ыраазычылыгын билдирди.


“Ардагерлердин  жана тылда эмгектенгендердин атынан бизди дайыма эстеп, иш-чараларга чакырган бийликке ыраазычылык билдиргим келип жатат.  Биз аз калдык жана биз үчүн көңүл  абдан маанилүү. Баарыңарды майрамыңар менен куттуктайм. Кааларым тынчтык, жакшылык жана узуун өмур”,-деди  Эсенаман Тойгонбаев.


Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутьконун айтымында, “согуш жылдарында баарыбыз биримдикте болдук, эми  биздин  ойлорубузда  биримдик болсо, иштерибизде да тынчтык жана ынтымак болот”.


Иш-чарага ардагерлер, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Алымкулов , Биринчи май райондук администрациянын башчысы Аскарбек Алиев, Россия, Украина, Белорусия, Казахстан жана Өзбекистандын Кыргызстандагы  элчилери катышышты.


Маалымат: Туугандык көрүстөнүндө  согушта курман болгон 248 аскердин сөөгү коюлган.