Калаада, 9-майда саат 10.00до Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына арналган аскердик парад өткөрүлөт.


“Ала-Тоо” аянтында 3 трибуна орнотулган, алардын Борбордук жана Батыш трибунасы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине арналган.


Чыгыш трибунасы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, дипломатиялык миссиялардын, чет мамлекеттик  аскердик миссияларынын  атташеси жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн берилген.


Аянттын туштүк тарабы Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин шаардыктар үчүн ачык болот. Кирүү акысыз.


Эскерте кетсек, 2015-жылдын 9-майында таңкы саат 4.00дон баштап төмөнкү жол кыймылы чектетилет:


-Чүй прсопектиси боюнча Сүйүнбаев көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;


-Киев көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;


-Токтогул көчөсу, Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;


-Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин;


-Ибраимов көчөсү, Жумабек көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;


-Абдымомунов көчөсү (Эски аянт), Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;


-Термечиков көчөсу (Ипподром), Лев Толстой көчөсүнөн Гагарина көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө жана түштүктөн түндүккө).


Үстүбүздөгү жылдын 8 майдан 9-май күндөрү Шопоков көчөсү, Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин аскердик техникаларды жайгаштыруу үчүн жол кыймылы жабылат.


Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы “Ала-Тоо” аянты саат 10.00до жол кыймылы жабыларын эскертет жана шаар тургундарын түштүк тарапка өтүүсүн суранат.