Иш-чарага калаанын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан жана кичирайондун жашоочулары катышты.


Үй тургундары мэрияга жаӊы лифт үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

«Биздин үйдүн жашоочуларынын 40% пенсия жашындагы адамдар. Сыртка чыгып келүү өтө оордук кылчу. Биз 2 жыл кыйналдык. Биздин көйгөйдү угуп, каражат таап бергениӊер үчүн чоӊ рахмат айтабыз!»,- деди үй тургуну Лариса Иванова.
 
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, аталган үйдө лифт 2013-жылдын 2-февралынан баштап иштеген эмес. Себеби, өрт чыгып конструкциялар эрип, ишке жарабай калган. 1988-жылы жасалган лифт, бүгүнкү күнү муниципалдык менчик реестринде катталып турат.

Жаӊы лифтти орнотууга каражат шаардык бюджеттен 1миллион 380 миӊ сом өлчөмүндө бөлүнгөн.