Борбордук «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад өттү.


Парадды жетектеген Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан кыргызстандыктарды куттуктады:
«Бүгүн биз Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгын белгилеп жатабыз! Бул майрам - кубанычтын жана адилеттүүлүктүн символу болгон бүткүл элдик майрам. Анткени адал иш жеӊилбейт. Өз эркиндиги жана эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн эл, өз жерин коргогон эл эч качан жеӊилбейт.


Адамзат тарыхындагы эӊ каардуу согуш төрт жылга созулду. Эӊ кыйын деген сыноолор мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрүнө түштү. Согуштун оор кайгысы ар бир үй-бүлөгө тийди. Кыргызстан бир жарым миллион калкынан 365 миӊ аскерин фронтко узатты. Ар бир төртүнчүсү курман болду. 150 миӊ жоокер мекенине согуштук орден жана медалдар менен кайтышты. 73 кыргызстандык аскер Советтер Союзунун баатыры наамына татыктуу болушту.


Бир топ жердештерибиздин аттары легендарлуу болду: Чолпонбай Тулебердиев, Тукубай Тайгараев, Николай Лященко. Ал эми атактуу Панфилов дивизиясынын Москва шаарынын коргоочуларынын эрдиги бүт дүйнөдө  баатырдыктын жана тайманбастыктын символу катары эсептелет.


Согуштун биринчи жылдарында Россиядан Кыргызстанга 140 миӊден ашуун адам көчүрүлгөн. Алардын бардыгы биздин жерден жегенге нанын, баш калкалаар жерин жана жылуу мамиле табышты. Ленинград блокадасынан бошотулган жаш балдар жаӊы ата-эне табышты.


Орукта калган карылар, аялдар жана жаш балдар да Жеӊишке чоӊ салымын кошушкан. Кыргызстан фронт үчүн азык-түлүк, кийим жана курал-жарак чыгарып жөнөтүп жаты.


Бүгүн биз кайрадан фронтто курман болгон, Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин юбилейине жетпей калган аскерлердин, оруктун эмгекчилеринин элесине башыбызды ийип эскеребиз. Аларга түбөлүктүү даӊк!


Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери, сиздерге тереӊ таазим! Бүгүнкү күнү биз менен болгонуӊуздар үчүн. Тынчтыкты сактоого көмөгүӊүздөр үчүн. Жаштарга эрдиктин жана кайраттын үлгүсү болуп бергениӊиздер үчүн!»


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.


Трибуналарда ардактуу коноктордун арасында Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана оруктун эмгекчилери олтурушту.


Аскердик парадга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жана авиациясынан бөлөк, Канттагы Россиянын аскер базасы жана россия авиациясы катышты.