Атап айтсак, май айында майрамдалган мааракелерди жыйынтыктоо, Кытай грантынын чегиндеги Бишкек шаарындагы көчөлөрдү (Махатма-Ганди, Ж-Пудовкин, Ауэзов) оӊдоо иштеринин башталышы, Ибраимов көчөсүн куруу, чуӊкурларды бүтөө иштеринин жүрүшү, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын Бишкек шаарынын көчөлөрүн жайкы  жууп тазалоо иштери талкууланды.

Мындан тышкары, калаанын ичинде калкты ташуу, Бишкек шаарынын укук тартиби жана коомдук-саясий абалы, "Жашылдандыруу» МИнын иши тууралуу суроолор көтөрүлдү.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова Улуу Ата-Мекендик согуштун жеӊишинин 70 жылдыгын уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан бардык шаардык кызматтарга ыраазычылыгын билдирди.


«Жашылдандыруу» МИнын иши өзгөчө каралды. Жасалган иштер боюнча отчетту угуп бүтүп, калаа башчысы бир топ эскертүүлөрдү берди, айрыкча жазгы чөп чабуу иштериндеги кемчиликтерге көӊүл бурду. Муниципалдык ишкананын өкүлү быйыл сугарууда көйгөйлөр болбойт деп билдирди. Бүгүнкү күндө «Жашылдандыруу» ишканасы менен Аламүдүн Республикалык суу чарбасынын башкармалыгынын ортосунда сугарууга суу жиберүү келишимине кол коюлуп, алдын ала төлөм төлөнгөн.


Ал эми калаа жолдору боюнча, Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, чуӊкурларды бүтөө иштери башталып, бүгүнкү күнү жасалып жаткан 24 көчөнүн ичинен 5 бүтүп калды. Бул маселе боюнча көп эскертүүлөр берилген. Чуӊкурлар бүтөлүп бүткөндөн кийинки чуӊкурлар түшүрүлгөн бир нече сүрөт көрсөтүлгөн. Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров чуӊкурлар эки этап менен бүтөлөөрүн түшүндүргөн. Биринчи этапта авариялык ири чуӊкурлар, андан кийин гана экинчи этап менен майда чуӊкурлар жабылат деп эскерткен.

Бүгүнкү күндө чуӊкурларды оңдоо иштеринде 80 жумушчудан турган 8 бригада иштөөдө.


Кытай Эл республикасынын гранты боюнча иштер өткөн ишембиде башталган. Жукеев-Пудовкин көчөсү жарым-жартылай жабылса, 2 күндөн кийин Ауэзов көчөсү,  бир жумадан кийин Махатма Ганди көчөсү жабылат.


Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы райондук администрациялардын башчыларын «Жашылдандыруу», «Тазалык» ишканалары жана башка мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып барууга чакырды. Ошондой эле, 2015-жылдын 1-июнуна чейин иш планын иштеп чыгууну айтты.


«Жаӊы структура кабыл алынары менен силерге укуктар берилет. «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» ишканалары менен иштөө керек. Эгерде көйгөйлөр чыга турган болсо, акимдерди жазалайбыз»-, деди мэр Кубанычбек Кулматов.


Аталган пландык жыйынга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков, вице-мэр Айгүл Рыскулова, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.