Акыркы жылдар ичинде алгачкы жолу колдонууга мүмкүн болбой калган борбор калаанын түштүк кичирайондорунун ичиндеги ирригациялык түйүндөр оңдолуп-түзөлүүдө.


Иш - чара “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын “2018-жылдагы  түштүк кичирайондор ичиндеги ирригациялык түйүндөрдү реконструкциялоо жана калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.


Долбоордун ишке ашуусу суу инфраструктурасын жакшыртып, бак-дарактарды сугат суусу менен камсыз кылууга шарт түзөт. Учурда 7-кичирайонго суу жеткирүүчү арыктарды калыбына келтирүү жумуштары аяктап калды. Жакын арада суу коё берүүгө камылгалар көрүлүүдө. Бул тилкеде 2,5 километр узундуктагы ирригацияны оңдоо пландалган.


Белгилей кетсек жаңы салынган бетон арыктардын түбүндө жана капталдарында дринаждык тешиктер бар. Бул көчөттөр менен көк шиберлерди жетиштүү суу менен камсыз кылууга шарт түзөт.


Суу “Асанбай” жана “Аламедин” дарыяларынан  магистралдык каналдар аркылуу келет. Долбоордун алкагында дагы бир нече арыктарды калыбына келтирүү каралган.  


Жакын арада борбор калаанын түндүк  аймагындагы, 8, 9, 10, 11, 12  жана  “Асанбай” кичирайондорундагы ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү пландаштырылууда.


“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы “Арча-Бешик” жаңы конушу аркылуу өткөн ирригациялык каналды калыбына келтирип, Шералиева көчөсүн бойлогон арыка суу коё берди.


Муниципалдык ишкана гидрожабдыктарды оңдоп, жол астындагы түтүктөрдүн ичин тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Сугат суусу борбор калаага “Аламүдүн”,  “Асанбай”, “Ала-Арча” дарыяларынан, “Киргизия”, “Чыгыш ЧЧК” жана “Төмөнкү транзит” магистралдык каналдар аркылуу борбор калаага берилет.  


Жыл башында “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 40, 274 млн куб метр суу алуу боюнча келишим түзгөн. Учурда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы, Бишкек шаарынын райондук админстрациялары менен биргеликте бекитилген графике ылайык сугат суусун берүүдө.


2009-жылдын 30-июнунда кабыл алынган “Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежесинин” 10.4.10-пунктуна ылайык,  муниципалдык тилкелер иш-күндөрү таңкы 7-00дөн, кечки  саат 17-00 гө чейин сугарылат, Аймактык муниципалдык башкарууларга сугат суусу иш күндөрү кечки саат 18-00 дөн таңкы  саат 7-00гө чейин берилет. Ишкана, мекемелер өзүнө тийиштүү тилкелерин дем алыш күндөрү сугарышат.


“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы чарбалык мекемелер жана аймактык башкаруулар менен сугат суусун берүү боюнча алдына-ала келишим түзүп алган.


Сугат суусуна байланыштуу маселелер болсо, шаардыктар төмөнкү телефондорго чалса болот. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык мекемесинин “Суу чарба тилкесиндеги”  жоопкерчиликтүү  гидротехниктердин байланыш телефондору.


Биринчи-Май району: Орозалиев Медет (0701) – 311-034;
Свердлов району: Абыкеев Малик (0701) – 311-088;
Ленин району: Болжобеков Талапбек (0701) – 311-012;
Октябрь району: Сагындыков Садыр (0701) – 311-016.


Агрономдордун телефон номуру:


Биринчи-Май району: Жумалиев Жаныбек (0701) – 321-014;
Свердлов району: Кыдыргычов Билимбек (0701) – 311-009;
Ленин району: Бейшеев Абдыкадыр (0706) – 352-569;
Октябрь район: Жаналиев Ырысалы (0701) – 311-004.