Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча,  үстүбүздѳгү жылдын 1-августунан тартып Үмѳталиев кѳчѳсү Чүй проспектисинен Рыскулов кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат.


Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ѳткѳрүлүп, жол катмары алмаштырылат жана жээк таштар орнотулат.


Аталган оңдоо иштери ушул жылдын 30-августуна чейин ѳткѳрүлѳт. Унаалардын  жүрүүсү  үчүн Калык Акиев кѳчѳсү альтернативдик кѳчѳ болот.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды  алдын ала жол тандап алууларын суранат.