Бүгүн, Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаеванын жетекчилиги алдында Комсомол жана Пионер кѳлдѳрүндѳгү коопсуздук чараларын алдын алуу боюнча кѳчмѳ жыйын ѳткѳрүлдү.


Жыйынга Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Алымжан Усубахунов, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Лариса Губина, «Каражыгач токою» паркынын жетекчиси Болот Айдарбеков, ошондой эле, ѲКМнын шаардык башкармалыгынын жана ШИИБнын жетекчилери катышышты.


Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбековдун маалыматы боюнча, «Каражыгач токою» шаардык паркын реконструкциялоонун алкагында биринчи жолу бул жылы 20 видео каттоо, кѳлдүн жээгине 2 видеокамера орнотулуп, эс алуучулардын сууда түшүүдѳгү коопсуздугуна кѳзѳмѳл салынып турат.


Ошондой эле, күн сайын эки кѳлдѳ тең ѲКМ тарабынан окутулган куткаруучулар иштешет. Жалпысынан 8 куткаруучу эки нѳѳмѳттѳ, саат 8:00дѳн 21:00гѳ чейин иштешет.


Самарбек Болотбеков чѳгүп кетүүлѳрдүн жана кырсыктардын кѳпчүлүгү ата-энелердин кош кѳңүлдүгүнѳн болуп жатканын жана чоңдорду балдарды кароосуз калтырбоого чакырарын, 12 жашка чейинки балдар ата-энелердин коштоосуз сууга түшпѳѳсү керектигин белгиледи.


ѲКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелисбек Назарбековдун билдирүүсү боюнча, сууга түшүү мезгили учурунда 2 адам куткарылды жана дагы эки адамга биринчи медициналык жардам кѳрсѳтүлдү. Бул жылы кѳлдүн жээгине эс алуучулардын сууга түшүүдѳгү эрежелерди сактоо жѳнүндѳгү эскертүү баннерлери жана калкандар илинген.


Кезегинде «Каражыгач токою» паркынын жетекчиси Болот Айдарбеков куткаруучулар укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү менен биргеликте эс алуучуларга коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп келерин кошумчалады.


Кѳчмѳ жыйындын соңунда Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева тиешелүү кызматтарга эс алуу күндѳрү куткаруучулардын санын кѳбѳйтүү боюнча маселесин карап чыгууну, коомдук коопсуздукту кѳзѳмѳлдѳѳнү күчѳтүүнү тапшырды. Мындан тышкары, куткаруучулардын жоопкерчилигин катуулатуу керектигин белгиледи.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун сууга түшүүдѳ коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Ошондой эле кырсыктарды, чѳгүүлѳрдү алдын алуу максатында ата-энелерди балдарын кѳзѳмѳлдѳѳгѳ чакырат.