Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 8-августтан тартып Айтматов проспектисинин Ахунбаев кѳчѳсүнѳн Горький кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.


Аталган иштер "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылат жана жаңы жээк таштар орнотулат. Оңдоо иштери ушул жылдын 28-августуна чейин ѳткѳрүлѳт. Унаа кыймылынын жүрүүсү чыгыш тарапка Токтоналиев жана батыш тарапка Жунусалиев жана Бакаев көчөлөрү аркылуу жүргүзүлөт.


11-12-августта Айтматов проспектисинин жана Ахунбаев кѳчѳсүнүн кесилишинде жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлмѳкчү. Калган күндѳрү Айтматов проспектисинин Айни, Жаманбаев жана Горький кѳчѳлѳрү менен кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.