Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 8-августтан тартып Эркиндик бульварынын эки тарабы тең  Абдымомунов кѳчѳсүнѳн  Фрунзе кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.


Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылат жана жаңы жээк таштар орнотулат. Аталган иштер ушул жылдын 26-августуна чейин улантылат.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.