Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 14-августта саат 12:00дѳн 19:00гѳ чейин Бѳкѳнбаев кѳчѳсү жана Манас проспектисинин кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Аталган иштер "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, жол катмары алмаштырылат. Оңдоо иштери 15-август күнү дагы саат 7:00дѳн 19:00гѳ чейин улантылат. Унаа кыймылынын жүрүүсү Токтогул кѳчѳсү аркылуу жүргүзүлѳт.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.