Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугун жогоруталуу жана жѳѳ жүргүнчүлѳргѳ, ошондой эле айдоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски жол чырактарды жана жол белгилерин модернизациялоо иштерин жүргүзүүдѳ.

2018-жылдын 18-апрелинде Шаардык транспорт башкармалыгы титулдук тизмесин бекиткен. Титулдук тизмеге 19 транспорттук жол чырак киргизилген.

Азыркы учурда Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан объектилерди ишке киргизүү жана тейлѳѳ үчүн КРнын ИИМнин ЖКККББнын Атайын монтаждык эксплуатация башкармалыгына ѳткѳрүп берүү жана кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдѳ.

Мындан тышкары, тѳмѳнкү даректердеги 6 светофордук объект эксплуатацияга берилди:

- Элебесов кѳч. –Васильев кѳч;

- Токомбаев кѳч. –  Нуркамал кѳч;

- А. Токомбаев кѳч. – Куттубаев кѳч;

- Исанов кѳч. – Бѳкѳнбаев кѳч;

- М. Ганди кѳч. –Васильев кѳч;

- Шопоков кѳч -  Жумабек кѳч.

6 светофордук объектте орнотуу иштери жыйынтыкталып, ишке киргизүү күтүлүүдѳ:

- Шабдан Баатыр кѳч. –Исакеев кѳч;

- Ѳмүрканова кѳч.  –Тагай Бий кѳч;

- Элебесов кѳч. –Витебская кѳч;

- Панфилов кѳч. –Медеров кѳч;

- Профсоюз кѳч. –П. Лумумбы кѳч;

- Кулатов кѳч. –Байтика Баатыр кѳч.

Ошондой эле 2 светофордук объектте орнотуу иштери улантылууда:

- Анкара кѳч. –Достоевский кѳч;

- Садырбаев кѳч. (Бах) – Семетей кѳч.

Калаанын 6 кесилишине светофор орнотуу үчүн тендер жарыяланды:

- Профсоюз кѳч. –Фучик кѳч;

- Ж. Пудовкин кѳч. – Карасаев кѳч;

- Л. Толстой кѳч. – Эгембердиев кѳч;

- Элебесов кѳч. –Курманалиев кѳч;

- Ахунбаев кѳч. –Жунусалиев кѳч;

- Бакаеав кѳч. –Грибоедов кѳч.