Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Азиз Суракматовдун Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Микаэл Ру жана «Декатлон» француз компаниясынын делегациясы менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.


Жолугушуунун жүрүшүндѳ эки тараптуу кызматташууну ѳнүктүрүү жана бекемдѳѳ, ошондой эле муниципалитет жана «Декатлон» компаниясы арасында кызматташууну орнотуу талкууланды.


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов делегациянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы француз компаниясы  тарабынан кѳрсѳтүлгѳн демилгелерди жана долбоорлорду ѳзүнүн компетенциясынын алкагында колдоорун, кызматташууга даяр экендигин белгиледи.


Ѳз кезегинде Элчиликтин илимий кызматкери, Борбордук Азиядагы Француз Изилдѳѳ Институнунун директору (IFEAC) Катрин Пужоль  калаа мэрин ушул жылдын октябрь айында ѳтѳ турган «Бишкек-келечектин шаары» аталыштагы семинарга катышып кетүүгѳ чакырды.
Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлѳбаев, «Декатлон» француз компаниясынын директору Жером Антонио Де Сильва жана «Декатлон» компаниясынын эл аралык мамилелер бѳлүмүнүн жетекчиси Адина Эдме катышты.