Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери Октябрь районунун ИИБнын кызматкерлери жана Санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрү боюнча “Орто-Сай” базарынын айланасында башаламан соода сатыкка жол бербөө жана жоюу боюнча рейд өткөрдү.


Өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча 15 башаламан соода түйүнү жоюлуп, соодагерлерге көчөлөрдө башаламан соода сатыкка жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.