Бишкек шаарынын мэриясы шаардык билим берүү тармагынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин арасында ротация жүргүзѳт.


Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте мектептердин администрацияларынын потенциалын рационалдуу пайдалануу, карьералык мотивацияны жогорулатуу, кызыкчылыктар кагылышын болтурбоо, мектептердеги коррупцияны төмөндөтүү максатында жүргүзүлөт.


Белгилей кетсек, аталган чаралар ата-энелердин коомчулугунун айрым мектеп директорлорунун дарегине болгон даттанууларына жана эскертүүлөрүнө байланыштуу көрүлүүдѳ.


Учурда шаардын билим берүү тармагында 97 мектеп, 156 миң окуучу бар. Мектептеги билим берүү тармагында  7 миң 300 мугалим эмгектенет.