Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын пресс-борборунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына «Coca-Cola Ran the Silk Road» Эл аралык жарым марафонуна арналган пресс-конференция ѳткѳрүлдү.
Пресс-конференцияга Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, «Ran the silk Road» эл аралык марафону дирекциясынын тѳрагасы Мелис Надыров жана "Кока-Кола Бишкек Ботлер" башкы директору Жем Кандемир катышты.
Бишкек шаарынын экинчи жарым марафонунда 3 миңге жакын 19 ѳлкѳдѳн, алар: Франция, Улуу Британия, АКШ, Япония, Украина, Казахстан, Ѳзбекстан, Таджикистан, Туркия жана башка ѳлкѳлѳрдѳн келген чуроону сүйгѳн спортчулар катышышат.
Старт жана финиш аянты: Арча-Бешик жаны конушундагы «Газпром» спорт комплекси, Шербет кѳч. 46/1.
Төмөнкү чуркоо дистанциялары каралган: жарым марафон 21км 97м, 10000 м жана 3000 м.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 23-сентябрда саат 8:00дѳ болот. Ал эми чуркоо саат 9:00дѳ башталат.