Октябрь райондук администрациясы №7 МАБ, Санитардык-экологиялык инспекциясы жана РИИБ менен биргеликте №12-кичи районунун жана  Асанбай кичи районунун арасындагы Нуркамал кѳчѳсүндѳгү башаламан соода сатыкты жоюу боюнча  рейд ѳткѳрдү.
2018-жылдын 18-сентябрында жолдун жээктериндеги жана тротуарлардагы мыйзамсыз 9 соода түйүнү алынды.


Ошондой эле, Нуркамал кѳчѳсүнүн жээгиндеги соода күркѳлѳрүнѳ инвентаризация жүргүзүлдү. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз соода күркѳлѳрү Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына алуу үчүн жиберилет.


Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.