Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары менен калаа башчысы Азиз Суракматовдун жолугушууларын уюштурууда.


№96 орто мектебинде Ленин районунун №3 МАБынын кварталдарынын тургундары менен, ал эми №93 орто мектепте Ленин районунун №4 МАБынын жашоочулары жолугушуулар  ѳткѳрүлдү.


Жолугушуулар суроо-жооп иретинде ѳтүп, шаар тургундары жолдорду оңдоо, тышкы жарыктандыруу, жашыл кѳчѳттѳрдү сугаруу, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук транспорт жана жол коопсуздугу, суу менен камсыз кылуу жана канализация маселелери кѳтѳрүлдү.


Жашоочулар тарабынан берилген кѳптѳгѳн суроолор жеринен чечилди. Ал эми айрым  иликтѳѳнү талап кылган маселелер тиешелүү  шаардык кызматтарга тапшырылды.


Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэрлери, түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн жана шаардык кызматтардын башчылары, Ленин районунун акими Нурдин Тынаев, укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү катышышты.


Бул багыттагы  жолугушуулар 2018-жылдын 15-декабрына чейин ар ишемби күндѳрү ѳткѳрүлѳт.  Кийинки жолугушуулардын ѳтѳ турган жери жана убактысы боюнча кошумча маалымат берилет. Ал эми жолугушууларга катталуу үчүн үй жана кварталдык комитеттерге кайрылсаңыздар болот. Биздин маалыматтарды  FACEBOOK, TWITTER социалдык тармактарынан  окуй аласыздар.